Акылбек Жапаров депутаттар менен өлкөнүн экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан