"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 48 саатка камалды

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Юлия Богданова билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармакта Мирлан Ураимовдун атынан билдирүү жарыяланганы такталган. Анда кыргыз тилинде бийликтин жакшы иштебей жаткандыгы жана алмаштыруу керектиги жазылганы айтылат.

"25-январда лингвистикалык жана саясий эксперттердин жыйынтыгы боюнча Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" беренесине ылайык, 48 саатка камакка алынды" - деп Юлия Богданова билдирди.

Ошондой эле ал Мирлан Ураимов менен сүйлөшкөнгө жетишкендигин жана ал күнөөсүн моюнуна албай жатканын кошумчалады.

"Ал билдирүүнү жазбаганын айтат. Ал баракча эчак эле бузулуп, аны колдонбой калганын билдирди. Ошондой эле жазуу стили ага таандык эмес жана анда фамилияларды белгилебегенин билдирди. Билдирүүдө Курманкул Зулушев, Орозайым Нарматова, партия лидери, президент жана УКМКнын төрагасы белгиленген. Мирлан Ураимовдон компьютердеги системалык блок алынган", - деди жактоочу.

Кечээ, 8-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалганын маалымдаган. Бүгүн, 9-февралда УКМК Мирлан Ураимов эмне себептен кармалгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nargiz-sa
2022-02-09 10:52:23
Аша чаап кетишти, жарандардын конституциялык укуктары да корголбой калды. Мындай барышса тез эле этегине чалынышат
+4
ErkinOkenovich
2022-02-09 10:59:01
Эшекке килем жапсан деле эшек дегендей, Адахандын айтканы, кылганы ушунун баары. Жок жерден башка адамдарды туткундатып жатат бул Адахам тулку.аз эле калды окшойт Адахамдын корор кундоруно
-3
nargiz-sa
2022-02-09 11:46:18
ErkinOkenovich,тескерсинче, көрүп туруп деле мойнуңарга албайсыңар го кандай тенденция менен бара жаткандыгыбызды
+5
Sanjura
2022-02-09 11:12:31
Сөз эркиндиги чектелип бараткандай
+2
Isken90
2022-02-09 11:54:48
Убагында ташиевдер деле забордон ашып отуго
+5
Azat-123
2022-02-10 12:42:29
Isken90,Ташиевке кайдагы бокмурунду теңебе!
0
Asmat84
2022-02-09 13:48:16
Азыр бир нерсе деп комент жазгандан деле коркосуң бийлике сын айткандардын баарын эле камап атышат го. Жакшы эмес бул кетиши
-1
modem4999
2022-02-09 20:40:41
Asmat84,минус басып алдым кечирип кой
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан