Президенттер: Балалыгы сүргүндө өткөн кытай ажосу Си Цзиньпин тууралуу кызыктар

Кытай дегенде эле оюбузга учкан унаалар, акылдуу роботтор, жасалма жамгыр жана башка көптөгөн түшкө кирбеген табылгалар келсе керек. 1 жарым миллиард калкы бар бул өлкө чындап эле илим, техника, экономика, куралдуу күчтөр, спорт, маданият, тарых дегеле кайсы гана тармак болбосун дүйнө өлкөлөрүнөн ат чабым алдыга кеткени талашсыз чындык. "Кытай жасабаган нерсе жок" деп ата-апаларыбыз айтып калгандай бул өлкө "дүйнөнүн фабрикасы" деп аталганы да жөн жерден эмес. Анткени экспорт боюнча дүйнөдө Кытайга эч бир мамлекет тең тайлаша албайт.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында мына ошол Улуу державанын учурдагы өлкө башчысы Си Цзиньпин тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин

Мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Си Цзиньпин 1953-жылы 15-июнда Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Ци Синь Кытайдагы Улуттук саясий-согуштук университетти аяктаган билимдүү айым болгон. Ал эми атасы Си Чжунсюнь ошол мезгилдеги көрүнүктүү саясатчылардын бири эле. Ал өз учурунда көптөгөн орчундуу окуяларга активдүү катышкан. Саясаттагы кыраакылыгы менен мамлекеттик Кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына чейин жеткен. Ал эми иш жүзүндө ошол учурдагы өлкө башчысы Мао Цзэдундан кийинки эле мамлекеттеги эң маанилүү адам болгон.

Си атасы жана бир тууган иниси менен

Сүргүндө өткөн балалык

Болочок өлкө башчысы эс тартканга чейин бардар турмушта чоңойгон. Буга үй-бүлөнүн жакшы экономикалык абалы жана атасынын кызматтык кадыр-баркы себеп. Бирок 1962-жылдары Кытайда саясий куугунтуктоолор күч алып, көрүнүктүү мамлекет ишмерлери четинен камала баштаган. Алардын ичинде атасы Си Чжунсюнь да компартияга каршы иштөөгө айыпталып, алгач алыскы провинциялардын бирине сүргүнгө айдалып, кийин 10 жылга камакка алынган.

Саясатчыларды куугунтуктоо аракеттери алардын үй-бүлөсүнө кедергисин тийгизбей койгон эмес. Ал жылдары Си да, апасы жана бир туугандары менен кылмышкердин үй-бүлөсү делинип, сүргүнгө айдалышкан. Апасы Ци Синь эң кичүү баласы Си Юаньпин менен бирге алыскы Хэнань провинциясына жөнөтүлгөн. Эки улуу эжекеси болсо башка аймактагы курулуш иштерине тартылган. Ал эми Си өзү Пекинден 500 чакырым алыстыктагы Шеньси провинциясына айдалган.

Ал кезде 9 гана жаштагы өспүрүм барган жеринде ар кимге жалданып иштеп күн кечирген. Президент маектеринин биринде ошол кездеги азаптуу турмушун "Үңкүр менин үйүм эле. Тизилген кирпичтер керебетим. Үлбүрүгөн жука кездеме жуурканым болчу. Эртеден кечке оор жумуштар менен алышып жатып күнүм өтчү" деп эскерген жайы бар. Өлкө башчысы балалыгынын 7 жылын сүргүндө өткөргөн.

Си апасы жана бир туугандары менен

Кытайдагы эң беделдүү окуу жайда билим алган

1976-жылы өлкө башчысы Мао Цзэдун каза болгондон кийин ордуна келген жаңы жетекчи Дэн Сяопин саясий куугунтукка кабылган бардык саясатчыларды абактан чыгарып, аларга тагылган айыптарды алдырган. Си Цзиньпиндин үй-бүлөсү да ошол учурда башкалар менен бирге Пекинге кайтып барган. Атасы Си Чжунсюнь камактан чыгары менен Гуандунь провинциясынын губернатору болуп дайындалган. Кийин саясийбюронун мүчөлүгүнө кабыл алынып, мурдагыдай саясаттагы лидерлик кызматтарда ишин уланта баштаган.

Ал эми Си Пекиндеги эң беделдүү окуу жайлардын бири болгон "Цинхуа" университетинин химиялык-технологиялык факультетине тапшырган. Бирок кийин өз адистиги боюнча таптакыр иштеген эмес.

Саясаттагы алгачкы жылдар

Кытай ажосу саясаттагы жолун 1982-жылы өлкөнүн коргоо министри Гэн Бяонун катчысы болуп иштөөдөн баштаган. Аталган кызматта 2 жылдай иштегенден кийин атайын алыскы провинциялардын бирине кызмат менен жөнөтүүнү суранган. Мындан улам Хэбэй провинциясындагы Чжэндин уэздине жергиликтүү компартиянын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта Си мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн. Аймакка эс алуучуларды тартуу менен жергиликтүү экономиканы көтөрүү аракеттери натыйжалуу болуп, Хэбэй провинциясы 1 жылда эле экономикасы өнүккөн аймактардын катарына кошулган.

Кийинки жылдарда Си түрдүү тармактарда өзүн сынап көргөн. Ал өлкө башчылык кызматка келгенге чейин Сямэнь шаарынын вице-мэри, Фучжоуда шаардык кеңештин башкы катчысы, Фуцзянь жана Чжэцзянь провинцияларынын губернатору, партиялык комитеттин жетекчиси өңдүү бир катар кызматтарда иштеген. Жигердүү иштери менен таанылган жаш жетекчи саясаттагы жолунда өтө ылдамдык менен жогору көтөрүлгөн.

Хэбэй провинциясында жетекчилик кызматта иштеп жүргөндө

Кытай өлкөсүнүн президенти

2012-жылы ал Борбордук комитеттин чечими менен Компартиянын башкы катчысы болуп дайындалат. Ал эми 2013-жылы 14-мартта толугу менен Кытай Эл Республикасынын президенти болуп шайланган. Өлкө тизгинин колго алары менен ал кыска аралыкта мамлекетти өнүктүрүүчү пландардан турган "кытай кыялы" аталышындагы өнүгүү жол картасын ишке киргизген. Анын натыйжасында ар кыл тармакта болуп көрбөгөндөй ийгиликтер жаралган. Кытай өлкөсү азыр да ошол жол картанын негизинде 2049-жылы дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөсүнө айлануу максатына карай бет алып барат.

"Көрөгөч реформатор"

Си Цзиньпин акыркы 10 жылда мамлекет үчүн абдан көп реформаларды жасаган. Маселен 1 миллиарддан ашык калкы бар Кытай өлкөсүнүн экономикасы анын тушунда 6,9 пайызга өскөн. Ошондой эле 6 жыл ичинде калкты 70 миллион жумуш орду менен камсыздаган. Мындан тышкары дүйнөлүк басылмалар анын коррупция менен болгон аёосуз күрөшүн байма-бай жазып келишет. Андагы маалыматтарга караганда, 2018-жылы сүткорлукка барган 621 миң адам аныкталып, жазаланган.

2018-жылы Кытайдын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, Си Цзиньпин мөөнөтсүз журт башчысы укугуна ээ болгон. Батыш өлкөлөрү аны авторитаризмге жол берген диктатор катары айыптап келет. Анткен менен ал кытай эли үчүн чыныгы лидер, сүйүктүү журт атасы экендиги талашсыз.

Дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири

Кытай ажосу "Форбс" журналынын тандоосуна ылайык акыркы 5 жылдан бери дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын алдыңкы ондугунда. Ал 2018-жылы бул тизменин сап башына чыккан. Ошондой эле анын ысымы да дүйнөдө көп коюлган аттардын катарында.

Сыйлыктары

Си Цзиньпин Орусия, Аргентина, Бельгия, Сауд Арабиясы өңдүү бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Анын ичинде Кыргыз өлкөсү да бар. Ага 2019-жылы ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков эки мамлекеттин достук жана кызматташтыгына кошкон салымы үчүн I даражадагы "Манас" орденин ыйгарган.

Үй-бүлөсү

Өлкө башчысы 1982-жылы Кытайдын Улуу Британиядагы элчисинин кызы Кэ Линлинге үйлөнгөн. Бирок айрым себептерден улам 3 жыл бирге жашагандан кийин кайра ажырашышкан. Ал эми 34 жашында экинчи ирет, Кытайда аскер ырларынан турган репертуары менен атактуу болгон ырчы айым Пэн Лиюань менен баш кошкон. Пэн Лиюань ошол эле учурда генерал-майор даражасына чейин жеткен аскер кызматкери болуп саналат.

Жубайлардын 1992-жылы туулган Си Минцзе аттуу кызы бар. Ал азыркы тапта АКШдагы Гарвард университетинде окуйт. Кытай ажосунун бир тууган эжелери учурда Канада жана Австралияда, ал эми иниси Гонконгдо жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Afrodita1993
2022-02-12 14:26:14
Кыйын кишикен,жүзү жарык Кытайларды жаман көрчүлем бирок президенти сонун адам окшойт баскан жолдору балалыгы
+5
bosmos77777
2022-02-12 17:13:16
Мобул жердеги Арабкулдуктаагы. Мекендештрим. Оозунардан ак ит кирип,кара ит чыгып. Арабтын жомок угутуно ишенип. Белден ылдый согунуп,сабатсыздыгынар, карангылык каптаап. Ошол карангылыктан.Кыргыздын ачуу,алсыз созу чыгып жатканы.Ото окунучтуу. Бул жерде айтарым. Жараткан Коко Тенирим колдоп. Айкол Шер Манас атабыз.Бул олконун жарымын багынтып. Калганын чоголоткон. Ак соок Элден элек.Кыргыздын жаратмандыгы.Кылычы таш кесет эле.Элим ойгон. Арбатын куу жомок созуно ишенбе.Кыргыз окуу.
-2
zamir_kgz
2022-02-14 11:55:39
bosmos77777,Манас Атабыз мусулман болгон деп какшап айтып кеткен, Чубак ажы аалымыбыздын бейиште бирге болушубузду Жараткандан тилеп калабыз. Силер Жалгыз Кудайга Теңир деп кайрылсаңар Мусулмандар Алла деп кайрылышат.Бир убакта Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзүлүп, бирок Кыргызды Кыргыз гана жок кыла алат болуп алакандай Мамлекетибизди да бөлүнүп жок кылып албайлы.!
0
Antiradikal10
2022-02-14 13:02:56
zamir_kgz, 1-2 гана манасчынын вариантында Манас атабыз мусулман корсотулот. Калгандарында Манас атабыз мусулман корсотулбойт...

Дегеле Манас атабыз жашаган чакта кыргыздар ислам динин кабыл алган эмес. Эми бул жагы тарыхты бурмалоо деп тушунсонор болот...

Дегеле тарыхты бурмалоодон уялуунар керек!
+1
bosmos77777
2022-02-14 17:54:43
Antiradikal10,Эн туура айтасыз. Арабкулдар бир жолу арабтын угутундогу. Билимсиз, карангы Молдо кожонун созуно ишенип. Кыргызды манкурташыкысы келет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан