Сокулукта сабалган эки жашар баланын апасы мурунку жолдошу окуяга күнөөлүү экендигин айтып чыкты

Сокулукта сабалган эки жашар баланын апасы Алёна Чумакова мурунку жолдошу окуяга күнөөлүү экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу Чумакова жергиликтүү басылмаларга айтып берген.

"Мени наристенин жанында эмес жана балага кам көрбөй жатат деген маалымат жалган. Алар бала менен байланышымды чектеп, баламды менден ажыратып, Орусияга алып кеткилери келет. Менден баладан баш тартуу арызын жаз деп суранышкан. Бирок мен ага макул болгон жокмун, ошондуктан баламды ушинтип менден тартып алууну чечишти.

Самаркин бизге дайыма жакшы мамиле кылчу. Мурунку жолдошумдун карызын төлөгөн. Кийим-кече, телефонго чейин керектүү нерселерди сатып алууга жардам берди. Бизди тамак-аш, жумуш менен камсыз кылды. Азыр анын үй-бүлөсү да чалып, тынчсызданып, жардам берип жатат. Ал дайыма балдар менен жакшы мамиледе болгон.

Социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатат. Баламдын жыныс органы жакшы, кесилген эмес. Бала өзүн жакшы сезип жатат. Кокустан күйүк алган. Ошол күнү А.С. үйдө жок болчу. Мурунку жолдошум бала менен үйдө болгон, аны сот жообуна тартууну өтүнөм. Мен ата-энелик укуктан ажыратылган эмесмин ага карабай, баланын жанында калуума тоскоол кылып жатышат", - деген Чумакова.

Маалымат үчүн:

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган.

Көп узабай атасы баланы иш берүүчүсү сабаганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina00
2022-02-09 19:37:52
Оол бети жок,бул туугандарда бет калбаптыр,ошончо кун болду эшек такалап журдунбу,озунду жоопко тартыш кк,сендейлер аялдарга соз тийгизет,эри туруп эрсиреген аемак.
+13
TIMON_BERKOWITZ
2022-02-09 21:00:11
Сатылып кетиптир бул аял...
+6
Nuriza-2020
2022-02-09 22:39:58
Проблеманарга баланын эмне тиешеси бар келесоолор.Периштего 2 жашар бала ал эмес силер жешинер керек токмокту,баладан пайдаланып оч алган экоонтен ата энелик укуктан ажыратуу керек
+5
Belo
2022-02-10 00:03:02
Сатылып кетиптир бети жок, эки эр мн жащаган акмак
+2
nazira...
2022-02-10 06:24:19
Балээнин баары ушу катында турбайбы, акмак.
+2
al-abu-kinesz
2022-02-10 08:18:00
Самаркинди дагы, сени дагы, куйоонду дагы бир электен откоруш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан