Экологиялык таза шаар куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиевдин кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, учурда Тимур Файзиевге карата кылмыш иши бар. Ал эми кылмыш иши боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Тергөө бүткөн соң кошумча маалымат берилери айтылды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун ишкер Тимур Файзиев жетектей турганын жазып чыккан.
Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.