Кыргызстан 5 жылдын ичинде көз карандысыз, өнүккөн жана күчтүү мамлекет болушу керек. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында айтты. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев: "Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруйун, Ата Журт" деген жакшы ыр саптары бар. Бирок Кыргызстан 20 жылдан бери ооруп келе жатат. Андыктан баарыбыз биригип өлкө үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы", - деди. Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев коомчулукка 2013-2017-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын жолун тааныштырууда.