Орусиянын Истра шаарында маркеттердин бирине кирип, кассир аялды өлтүрдү деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кол салуу 9-февралга караган түнү болгон. Анда бейсбол таякчалары менен каракчылар дүкөндүн жетекчисин жана анын күйөөсүн, ошондой эле кассирди сабап салышкан. Кассир алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
"Сыртта каракчыларды шериктери күтүп турган. Алардын бири дүкөндүн жанында болуп, абалды көзөмөлдөсө, экинчиси унаа айдап жүргөн. Жалпысынан кол салгандар кассадан 71 миң рублдан ашык акчаны алып кетишкен. Каракчылыкты Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандан келген жарандар жасаган деп шектелүүдө. Алар Орусияга иштөө үчүн келип, ар кандай курулуштарда иштешкен. Кол салгандар 26 жаштан 41 жашка чейинки жарандар" - деп жазылат маалыматта.
Айрым орус басылмалары кылмышка 4 тажик жараны шектелип кармалды деп жазышууда. Элчилик маалыматты тастыктай элек.