Дарыгер, мугалим, ырчы... Өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар кесип ээлери сыйланышты (сүрөт)

Бүгүн, 10-февраль күнү президент Садыр Жапаров өлкөдө кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик сыйлыкка татыгандар ар кыл кесиптин ээлери. Тагыраагы, маданият ишмерлери, мугалимдер, экономисттер, курулушчулар, саламаттыкты сактоо системасынын, мамлекеттик кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, байланыштын, дене тарбия жана спорттун, айыл чарба тармагынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана башка көптөгөн адамдар сыйлыкка татыды.

Өлкө башчы сыйлык ээлерин куттуктап жатып, алар менен сыймыктана турганын баса белгилеген.

"Мейли аскер кызматчысы болобу же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же массалык маалымат каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатат", - деп кошумчалаган Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан