Алматы облусунун Карасай районунун прокуратурасы январь окуясында кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, 7-январь күнү Алматы-Бишкек унаа жолундагы стационардык пунктта ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УККнын Чек ара кызматынын спецназдары унааларга кароо жүргүзгөндө, деталдуу текшерүүдөн өтүүнү талап кылган бир катар адамдар (анын ичинде Кыргыз жараны Викрам Рузахунов) аныкталган.
"Ал денесинен алган жаракаттары менен Карасай районундагы атайын кабыл алуу пунктуна жеткирилген. Жарааттардын келип чыгышын аныктоого мүмкүн болгон эмес.
Рузахунов кармалганда анын жанынан жана ал отурган унаадан эч кандай курал табылган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, Рузахуновду Алматы полиция департаментинин кызматкерлери суракка алышкан.
"Рузахуновдун көрсөтмөсүн текшерүү учурунда, Алматынын аймагындагы баш аламандыкка катышуу фактысы аныкталган эмес. Ошондуктан ал бошотулган", - дешкен мекемеден.
Прокуратура УККнын Чек ара кызматынын атайын отряды тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз өлкөсүнүн беш жараны кармалганын, алардын көрсөтмөлөрү текшерилип, кийин баары бошотулганын билдиришкен.
Алматыдагы баш аламандык учурунда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов абакта отурганда кыйноого кабылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.