"Нурлан Мотуев 5 маал намаз окуй турганын айтып, кыздын башын айландырган" дешет жабырлануучу кыздын жактоочулары
Нурлан Мотуев зордуктады деген кыздын жактоочусу Сайра Нурбекова жабырлануучу кыз каргаша болгон күнү оппозиция өкүлүнүн үйүнө жолугушууга барганын билдирди. "Мотуев 5 маал намаз окуй турганын айтып кыздын башын айландырган. Аны үйүнө чакырып, келечектеги үйлөнүү той тууралуу сүйлөшүүнү сунуштаган. Ошондой эле ага тийишпей турганын айткан",- деди жактоочу. Ал эми жабырлануучунун дагы бир жактоочусу Клара Намасалиева кыз менен Нурлан Мотуев кафелердин биринен кокусунан таанышып калганын айтты. "Айыпталуучунун "кыз өзү келип таанышты" дегени калп, муну кыздын курбусу да далилдейт",- дейт жабырлануучу кыздын жактоочусу. Ошондой эле жактоочулардын айтымында, жабырланган кыз эч кандай акчалай жардамга макул болбой, иштин аягына чыга турганын кабарлашты.