Каза болгон кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиевдин жеке машыктыруучусу анын өлүмү боюнча айтып берди

Буга чейин кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болгону кабарланган. Спортчунун жеке машыктыруучусу Александр Воинов анын өлүмү боюнча SUPER.KG порталына айтып берди.

"Алдын ала маалымат боюнча, ал ден соолугунан улам каза болду. Бирок инфаркт же инсульт болгондугу тууралуу так айта албайм. Мен Ысык-Көлдө жүргөм. Мага жеткен маалыматтар боюнча, Канатбектин ден соолугу үйүнөн начарлаганда аялы "Тез жардам" кызматын чакырган. Ал өз үйүнөн көз жумган. "Тез жардам" кызматкерлеринин чыгарган тыянагы боюнча ал күч колдонуудан каза болгон эмес. Жакшы эле машыгып жүргөн. Үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашачу. Үч баланын атасы. Маркумду жерге берүү зыйнаты анын кичи мекенинде болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-февралда кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиевдин өлүмү тууралуу Кикбоксинг федерациясынан билдиришкен.

Канатбек Сыдыгалиев "Гермес Профи" клубунун курамында ири ийгиликтерди багындырган. 1999-2000-жылдары Евразия чемпиону, ушул эле жылдары Дүйнө чемпиондугунда күмүш, Европа чемпиондугунда коло медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2022-02-11 17:45:05
Эч нерсе деле айтпаптырго?
+4
surgeon777
2022-02-12 02:11:52
Nina.alex,Олтуруп кетишти деп жатышкан,ошого жооп берген окшойт.
Жаткан жери жайлуу болсун..
+4
rahat84
2022-02-15 09:18:16
Nina.alex, антип жазбаса эч ким окубайт да. ошончун буйурду кызытып жаза беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан