Бүгүн Чүйдүн Степное айылындагы №2 түзөтүү мекемесине 50 миң сомдон ашык суммадагы китептер тапшырылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган акция "Бир адамдан – бир китеп" долбоорунун алкагында уюштурулду.
Акциянын максаты - аялдардын психологиялык жана моралдык абалын жакшыртуу, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык жана руханий потенциалын байытуу.
"Мекеме жетекчисинин орун басары белгилегендей, №2 абактын китепкана фондусунда учурда 3 миңге жакын китеп бар. Бирок алардын көпчүлүгү эскирип, жарактан чыгып калган, ошондуктан алар китепкананы толуктоо чечимин кабыл алган бул акциянын демилгечилерине абдан ыраазы", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, өткөрүп берилген китептердин жалпы баасы 50 миң сомдон ашкан, тагыраагы 200дөн ашуун китеп берилген.