Допинг колдонууга шектелип жаткан орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиевага "Пекин-2022" кышкы Олимпиада оюндарын улантууга уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын маселесин 7 саатка чукул карап, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) кайрылуусун четке каккан.
Эми Камила Валиева 15-февралда кыска программа менен өнөрүн көрсөтөт. Ошондой эле ал 17-февралда муз үстүнө чыгат.
Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан.