"Пекин-2022": "Чоң атасынан небересине". Олимпиада комитети Камила Валиевага допинг кантип киргенин айтты

Орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу кирген. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети билдирүү жасады.

"Валиеванын допинг-тестинен табылган тыюу салынган зат анын чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу Валиеванын денесине кирген", - деген Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Том Шад.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген.

Эми Камила Валиева бүгүн, 15-февралда кыска программа менен өнөрүн көрсөтөт. Ошондой эле ал 17-февралда муз үстүнө чыгат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakubek
2022-02-15 22:49:34
Чоң атасы небересин бир нерсе кылыппы. Же төрөлгөндө эле тыюу салынган зат менен кошо төрөлүптүрбү, анан дагы деле денесинен чыкпай жүрө бекен
0
Tursunbaev1978
2022-02-16 03:20:20
Sakubek,чоң атасы жеген тамактан жесе,керек,билбей,олимпиаданын алдында,улгайган адам болсо,чоң атасы,врачтар жазгандырда,ал тамактан небереси жеп алган,логиканы иштетебиз
-3
Mister-XXX
2022-02-17 16:07:19
Sakubek,Менин оюмча аз санда доппинг колдонулган окшойт.Россия дайыма эле доппинг колдонот го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан