Бүгүн, 15-февраль рак менен ооруган балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү негиздөө демилгеси 2001-жылы рак менен ооруган балдардын ата-энелеринин дүйнөлүк конфедерациясы (ICCCPO) тарабынан көтөрүлүп, белгиленип келет.
Бул күнгө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков менен маек куруп, өлкөдөгү рак дартына чалдыккан балдарды дарылоонун күңгөй тескейи тууралуу кеп кылдык.
Стамбековдун айтуусунда өлкө боюнча жылда орто эсеп менен 150-200 баладан рак оорусу аныкталат. Азыр 600-700 бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Анын айтымында, мурунку жылдарга салыштырмалуу рак илдетинен көз жумган балдардын саны кыйла азайды. Мунун себеби жакында эле дал ушул балдар бөлүмү жаңы имаратка, тагыраагы, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна көчкөндүгү менен байланыштуу дейт дарыгер.
"Бул жерде жеткиликтүү педиатр адистери бар, ушул жерден эле консультация алып, балдарды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Экинчиден орундар жеткиликтүү. Мурун Улуттук онкология борборунда 41 орун болсо, бул борбордо 70 орун бар. Анын 35инде шишик оорулары, 35инде кандын залалдуу дарты менен жабыркаган балдар жатат", - деди ал.
Балдар онкологунун айтымында, балдардын 40%ы - рактын ак кан оорусу, 15%ы - мээнин шишик оорулары, 10-12%ы - без оорулары менен жабыркаган. Алардын 70 пайызга жакыны сакаят дейт дарыгер.
"Балдардын рак оорусунун себептери белгисиз. Эгерде чоң адамдарда бул дарттын пайда болушуна жаман адаттар жана айлана-чөйрө таасир этсе, ал эми балдарда андай нерселер болбойт. Мисалы алар тамеки тартпайт.Ошондуктан балдардагы рак оорусунун себептерин аныктоо кыйынга турат.
Ал эми дарылоо процесси кандай болот? Ар бир оорунун дарылоо ыкмасы жана айыгуу мүмкүнчүлүгү да ар башка. Маселен, көбүнчө химия терапиясы жана нур менен дарылоо ыкмалары колдонулат. Айрым учурда операция да жасалат. Дарылануудан кийинки процесс жеңил өтөт. Себеби балдар химиялык терапияны жакшы көтөрүп, калыбына тез келет", - деп кошумчалады Стамбеков.
Балдарды рактан дарылоонун баасы тууралуу Султан Стамбеков төмөнкүдөй жооп берди:
"Эгерде биринчи таптагы дарылоо болсо, анда 80 пайызын өлкө камсыз кылат. Ал эми экинчи ирет ооруканага кайрылган, дарты өтүшүп кеткен балдардын дары-дармеги кымбат болгондуктан, ал каржатты мамлекет каржылап бере албайт. Мындан тышкары, жүлүндүн трансплантациясын жасай албайбыз. Себеби шарт түзүлгөн эмес. Бул жагынан көйгөйлөрүбүз бар", - деди ал.