"Ишибиз уланууда, күнүнө 5-6 операция жасап жатам". Сабырбек Жумабеков чуулгандуу окуядан кийин билдирүү жасады

Травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков Бишкек шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасында (Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору) ишин улантып жатат. Бул туурасында академик өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын 5-6 операция жасап жатам. Андан кийин бөлүмдөрдү кыдырып, 30-40 бейтапты кабыл алуудамын.

Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн жашоо уланууда: бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө", - деди ортопед.

Белгилей кетсек, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, директору Сабырбек Жумабековду кызматынан бошоткон. Анын ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлүп, ооруканага жаңы жетекчи дайындалган.

Андан соң министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.

Кийинчерээк шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалганы министрлик тарабынан кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asmat84
2022-02-17 13:41:22
Болот эле экен го.
Сабырбек Жумабеков сизди бир эле кыргыз өлкөсү эмес бүтүндөй орто Азиянын күчтүү дарыгерисиз, жеке менчик клиника эле ачып алсаңыз жакшы болот эле,тиги жүн тиштеген чымчык менен таймашпай
-6
Margo82
2022-02-17 13:55:56
Бааларды арзандаттынбы акыры.бейтаптарды нормально ,шашпай кабыл алып.
+10
Gulina00
2022-02-17 14:52:03
Иштен кетирип коюш кк,же барган оорулуларга акчасын азыраактан ал деш кк.
+5
shankol88
2022-02-17 15:02:15
Ошондо менин угушум бойунча,арбир операцияга жүз миңден алса 5,6жүзмиңге иштеп атабы?ошол туурабы?
+4
Turdueva
2022-02-17 15:28:49
Жумабековдон башка врачтар Бекер жасайт беле ?
-3
Margo82
2022-02-17 18:08:19
Turdueva,Кичине болсо да сестенишип,акчаны азыраак алышат беле? Министрдин реформасынын кийин.
+2
JYRT
2022-02-17 17:58:26
Эмне кылып олтурат ал жерде жумабеков кет дегенден кийин кетип калса көгөргөн бет бак экен го жаман бир кенедей жабыштың да калдың
+3
Nurik-1980
2022-02-17 21:58:37
JYRT,акча көп түшүп турган жерден,кеткиси келбейт да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан