Лимонтинин өлүмү: Прокурор Талгат Шамиевди 13 жылга эркинен ажыратууну суранды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурумда прокурор судьядан шектүү Талгат Шамиевди 13 жылга эркинен ажыратууну сурды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талгат Шамиевдин жакындары билдирди.

Билдирүүгө ылайык, буга чейинки соттук отурумда жарыш сөз сүйлөнүп, анда мамлекеттик айыптоочу судьядан шектүү Талгат Шамиевди 13 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Кийинки соттук отурум эртең, 18-февралда болот. Анда сот шектүүгө карата өкүм чыгарат.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2022-02-17 15:01:06
Саткындар, күнөөсүз баланын тагдырын талкалагыңар келип жүрөт экенда.
+1
nazira...
2022-02-17 15:07:48
Дагы эле соттор сатылып атат экен да. Өздөрүнүн башына салбасын да мындай ишти.
0
Zynk
2022-02-17 15:57:18
Бул баланы актап эле коюушса болмок !омур бою эркинен ажыратылган атасын олтургон адам менен кочодон жолугуп калып атандай кылам деп кол салганда самоборона болгон!качып кетпей милицияга озу барган!
+4
Isken90
2022-02-17 17:01:35
Лимонтини тируу кезинде эмнеге эркинен ажыратпадынар. Буну кыргыздар кун деп койот бошоткула
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан