Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин колдогон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2010-жылдары - Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
2008-2010-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу;
2012-2013-жылдары - Вистула университетинин (Варшава, Польша) вице-президенти, Чет тилдер институтунун директору, проректору:
2013-жылы - Түндүк Айова университетинин чакыртылган профессору (АКШ);
2013-2014-жылы - Жонс Хопкинс университетинде пост-докторантурадан өткөн (АКШ);
2014-2017-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;
2016-2017-жылдары - Жонс Хопкинс университетинин чакыртылган профессору;
2017-2018-жылдары - Өкмөттүк аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2018-жылы - Борбор Азия регионалдык институтунун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору;
2020-жылдын октябрь айынан бери билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, 5-майда кызматтан алынган.
2021-жылы Кыргыздын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.