Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычын жергиликтүү ишкер булгап жатканын окурман порталыбызга билдирди. "Бейшеке айылындагы мал союучу жайдын жумушчулары союлган малдын этинен башкасынын баарын сууга төгүп жатышат" дейт ал.
"Жекшемби күнү Бейшеке айылындагы мал союучу жайдын жумушчулары союлган малдын этинен башка калдыгынын баарын водовоз менен Киров суу сактагычына төгүштү. Бир төккөндө 9-10 унаа менен төгүштү. Кандай мал союлуп жатканын ким билет? Сууга жакын жашагандар ошол эле суудан ичишет, балык кармап жейбиз, жайында ушул эле сууга бала-чакабыз менен түшөбүз. Канча оору жуктуруп жатабыз", - дейт ал.
Окуяга күбө болгон жергиликтүү жашоочулар акылга сыйбаган иш болуп жатканын айтышат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.