Ысык-Көл. Караколдуктар жылгаяк тебүүчү базадагы кызмат көрсөтүүнүн баасы кымбаттаганына нааразы болушууда

Караколдуктар айтылуу жылгаяк тебүүчү базадагы өйдө жакка көтөрүп чыгуучу көтөргүчтөрдүн (подъёмник) наркын жергиликтүү калк үчүн 50 пайызга арзандатуу маселесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди. Ыйгарымдуу өкүл М.Асанакунов облустук күч түзүмдөрү, Каракол шаарынын мэри, Ак-Суу районун акими, жергиликтүү депутаттар жана жаштардын атынан келген өкүлдөр менен облустук администрациянын жыйындар залында аталган маселени талкуулашты."Идеал тур" фирмасынын өкүлдөрүнүн маалыматына таянсак, 50 пайызга арзандатуу мүмкүн эмес. Себеби фирма алгач ишин баштаганда эле 150 миң сом салык төлөгөн жана бул көрсөткүч жыл сайын өсүп келет. Экинчиден, көтөргүчтөр электр күчү менен иштегендиктен, электр энергиясына да каражат кетет. Бирок бул айтылгандарга чогулгандар кошулбай, каршы пикирлер айтылды. Эскерте кетсек, быйыл көтөргүчтөрдүн баасы 150 сомго кымбаттады тактап айтсак, ар бир адам үчүн бир күндүк эс алуу 950 сом турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан