ЭЛДИК КАБАР: "Баткен шаарындагы көчөлөрдүн биринде таза суу түтүгү жарылып, оңдолбой жатат" дейт окурман

Баткен шаарынын тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды. Окурман Баткен шаарындагы көчөлөрдүн биринде таза суу түтүгү жарылып, ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтты.

"Баткен шаарынын аэропорт кварталындагы Раззаков көчөсүндө таза суу түтүгү жарылып калган. Бир жылдай болуп калды. Бир-эки жолу тийиштүү жерге барып кайрылсак кайдыгер мамиле кылып койду. Кимге кайрылууну билбей жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан