ИИМдин Коомдук кеңешинин жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февралда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда ИИОнун ишмердүүлүгү боюнча талкуулар жүрдү. Аталган иш-чарага ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана мүчөлөрү, Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары милициянын полковниги Руфат Абдуразаков жана Ысык-Ата РИИБинин жетекчилиги катышты.
Жыйында кылмыш иликтөө багытында, уюшкан кылмыштуулук жана мал уурулугуна каршы күрөшүү жана профилактикалык жумуштар, тергөө кызматы тарабынан аткарылган иштер, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана өспүрүмдөр арасындагы жүргүзүлгөн алдын алуу жумуштары боюнча талкуу жүрдү.
Мындан тышкары бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кодекстер боюнча иш алып баруу багытында кандай аракеттер кылынып жаткандыгы жана Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлердин социалдык жактан камсыздоо маселелери жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча суроолор талкууланды.