Шарджа эмираты – Ош шаары боюнча жаңы аба каттам расмий түрдө ачылды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан белгилешкендей, аталган багыт боюнча аба каттам аптасына 4 жолу ишке ашырылат.
Ага ылайык:
1. Шарджа (учуу убактысы 21:45) - Ош (конуу убактысы 03:15)
Учуу күндөрү: Жума, Ишемби.
2. Ош (учуу убактысы 04:25 ч.) - Шарджа (конуу убактысы 06:25)
Учуу күндөрү: дүйшөмбү, ишемби.
"Мындан тышкары жайкысын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна (Тамчы айылы) кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Абу-Даби эмиратынан Кыргыз өлкөсүнө авиакаттамдарды ачуу маселелери талкууланды", - дешти тышкы саясий ведомстводон.