13 Кыргыз жараны Украина-Польша чек арасындагы өткөрүү пунктуна жөнөп кетишти

Украинадагы кырдаалга байланыштуу аба каттамдар токтотулду. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.
Ага ылайык, Венгрия, Румыния, Польша, Словакия аркылуу транзиттик жол менен эвакуацияланат.
"Азыркы кезде тигил же бул багытка барууну каалагандардын тизмеси түзүлүүдө. Өлкөгө кайтууну каалаган жарандардын ичинен 13ү Украина-Польша чек арасындагы өткөрүү пунктуна жөнөштү.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгына байланыштуу элчилик, консулдуктар жана Украинанын аймагында жашаган кыргыздардын активисттеринин жардамы менен коопсуз жайлар даярдалууда", - дешет тышкы саясий ведомстводон.
Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан