Эзелтеден кыргыз эли кол өнөрчүлүк өнөрү менен алектенип, зергер, уста, уздарды барктап, алардын өнөрүн даңазалап келген. Кол өнөрчүлүк өнөрү муундан-муунга, атадан балага, энеден кызга өтүп, ушул күнгө жетип отурат. Ал эми азыркы күндө улуу өнөрдүн учугун улаган жаштарыбыз да жок эмес. Алардын бири Миңайым Карыпбаева. Анын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу мектеп босогосун аттай электе эле ойгонгон. Учурда сүрөт тартуу, түймө жана саймачылык менен алектенет. Мындан сырткары байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат. Каарманыбыз бул өнөргө кантип кызыгып калганы тууралуу SUPER.KG порталына кеп салды.
- Саламатсызбы! Алгач эле өзүңүз тууралуу маалыматтарга орун берсек...
- Саламатсыздарбы! Аты-жөнүм Миңайым Карыпбаева. 1995-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Балалыгым Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында өткөн. 9-класска чейин аталган айылдагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинде окугам. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колледжи, кийин Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында билим алгам. 5 жылдан бери Орусиянын Москва шаарында маникюр, макияж жасап иштеп келем. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Менден улуу үч байкем бар. Байкелеримдин эрке карындашы, ата-энемдин эрке жалгыз кызымын (күлүп).
- Сүрөт өнөрү менен алектенип келет экенсиз. Бул өнөргө канча жашыңызда жана кандайча аралашып калдыңыз эле?
- Башында сүрөт тартканга анча деле кызыкчу эмесмин. Кээде айылда ийримдерге барганда гана сүрөт тартып калчумун. Бирок мен кичине кезимден бери эле көл өнөрчүлүккө болгон кызыгуум күч болчу. Мектепте окуп жүргөндө көл өнөрчүлүк боюнча сынактарга катышып, көп нерселерди жасачумун. Бул жагынан ата-энем да, бир туугандарым да аябагандай колдоо көрсөтчү. Мисалы, сыналгыдан бирөөлөр бир нерсе жасап жатканын көрүп алып, ошону кайра туурап кыла берчүмүн. Атам, апам да жаныман кетпей “тиягын оңдо, мындай кыл, тигиндей кыл” деп өз кеңештерин айтып турушчу. Азыркы күнгө чейин мени бардык жагынан колдоп келишет.
- Демек, кол өнөрчүлүк ата-энеңизден өтсө керек...
- Ооба, туура айтасыз. Анткени атам менен апам эмне гана кылбасын, мен дайыма артынан туурап кылып жатып эле көп нерсени үйрөнүп алдым.
Айта кетсем, бизге апам үйдөн байпактарды өзү жасап, өзү колго түйүп берчү. Жаш кезинде айылдагы кыз-келиндердей эле кооз-кооз төшөктөрдү курап, жаздыкчаларды жасачу. Атам да, байкем да айылдагы мыкты усталардан.
- Алгачкы тарткан сүрөтүңүз эсиңизде болсо керек...
- Ооба, эсимде. Мектепке бара элек кезимде байкемдердин дептерин алып, барактарына алардын, ата-энемдин, мышыктарды жакшы көргөндүктөн мышыктарымдын сүрөтүн тартчумун. Кээде өзүмдү сүрөткө тарткан барактарды айрып алып, шилекейлеп, дубалга чаптап койчумун. Дегеним, кичинемде бетимде сепкилдер бар болчу. Өзүмдү сүрөткө тарткан соң бетиме точкаларды коюп, дубалга илип койгом. Апамдар келип, “бул ким?” десе, “мен” деп жооп бергем. “А, бул бетиңдеги эмнелер?” десе, “точкалар” деп айтканым эсимде. Сыягы, бул менин алгачкы тарткан сүрөтүм болсо керек.
- Кайсы тематикадагы сүрөттөрдү көп тартасыз?
- Ар кандай тематикада тарта берем. Мисалы, граффика, акварель менен көп тартам. Ал эми живопистен аябай эле алысмын.
- Сүрөт тартуудан башка дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
- Сайма сайып, түймө түйөм. Сайма сайганды кичинекей кезимде каникул убагында таенемдин үйүнө барып, таенемден үйрөнгөм. Негизи кийизден бир нерсе жасаганды, түймө түйгөндү чоң апам үйрөткөн. Ал эми түймөнү үйрөнүп алганым, өзүмө эле жакшы болду деп ойлойм. Себеби дос кыздарым, эжелерим же жеңелерим балалуу болуп калса, аларга белек катары кичинекей балдардын башмагын түйүп берем. Бул нерсе салтка айланып калды десем болот.
Мындан сырткары газетадан жасаган көйнөгүм эсимде. 8-класста мектепте сынак болуп, эки-үч күн түнү менен уктабай газетадан көйнөк тиккем. Аягында кагаздарды кесип бергенге атам жардам берип, ошентип бүткөнбүз. Ал көйнөктү атам менен апам азыркы күнгө чейин сактап койсо керек. Кээде апамдын чаар баштыктарын уурдап кетип, алардан да көйнөк тикчүмүн (күлүп).
"Сайма сайуу бул өзүнчө медитация. Себеби сайманы сайып баштаганда жашооңдо болуп жаткан көйгөйлөрдү, бардык нерсени унутуп, башка бир дүйнөгө кирип кетесиң. Ошол кылып жаткан ишиңе бүт дитиңди койсоң, идеялар өзүнөн-өзү эле келе берет деп ойлойм".

- Эмгектериңизди сатып алгандар барбы? Негизи эле бүгүнкү күндө бул өнөр менен жан багууга мүмкүнбү?
- Өз колум менен бир нерселерди жасап, башкаларга сатуу мектеп учурунан эле башталса керек. Ал кезде телефондорго атайын кийизден жасалган каптар чыгып жаткан. Анан мен дагы телефондорго каптарды жасап, кичинекей балдардын бут кийимин колго тигип сатып калдым. Учурда сайган саймаларымдын сүрөттөрүн интернеттеги сайттарга жүктөп коём. Ал жактан сатып алгандар бар.
Ал эми сүрөтчүлүк менен жан багууга мүмкүн деп ойлойм. Себеби аларга карата учурда жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Сүрөтчү десе эле карандаш, баракты колуна алган адамды элестетебиз. Чындыганда андай эмес. Заманга жараша баары өзгөрдү. Азыркы күндө дизайнерлер менен архитекторлор бар. Ал эми алардын тапкан маянасын айтпасам деле белгилүү болсо керек.
- Биздеги сүрөт сатып алуучу менен чет элдик алуучунун ортосунда кандай айырма бар экен?
- Бизде, өлкөдө бир нерсени бекер, арзан алганды же белекке алганды жакшы көрүшөт. Ага канча эмгек, канча көздүн майы кеткенин билишпейт. Ал эми чет өлкөлүктөр кичинекей нерсенин дагы баасын билишет.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!