Бүгүн, 28-февраль саат 14:30га карата доллардын сомго карата баасы дагы жогорулады. Тактап айтканда, коммерциялык банктарда 1 долларды сатып алуу 92 сом 50 тыйындан 94 сом болсо, сатуу 95 сом 50 тыйындан 97 сом болууда.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 89 сом 10 тыйын деп көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, 24-февралда доллар бир нече сааттын ичинде эле дээрлик 10-15 сомго кымбаттаган.