2010-жылкы Июнь окуяларында Ноокен райондук ИИБинен жоголгон автомат табылды

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү жашоочу өз эрки менен милицияга Калашников үлгүсүндөгү автоматты өткөрүп берди. Куралга кошо 2 магазин, 180 даана ок-дары тапшырылганын Жалал-Абад ОИИБи билдирди. Курал тапшырган жаран Базар-Коргон районунун жашоочусу Шайырбек Жолдошов. Текшерүү учурунда бул ок атуучу курал 2010-жылдагы кандуу окуяларда Ноокен райондук ИИБинен жоголуп кеткени белгилүү болду.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан