Украинадагы кырдаал. Өлкөгө келе жаткан Кыргыз жарандары акчалай жардамга муктаж

Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш күндөн күнгө уланып, абал оорлошууда. Буга байланыштуу кагылышуу жүрүп жаткан аймактардан жарандарды коопсуз жайга алып чыгуу аракеттери жүрүп жатат. Алардын арасында эвакуацияланган Кыргыз жарандары да жок эмес.

SUPER.KG порталы учурда Венгрияга автобус менен бара жаткан Кыргыз жарандарына байланышып көрдү. Алардын айрымдарына билет алуу үчүн акчалай жардам керек болуп жатканын мекендешибиз Турдубек Тентимишов айтып берди.

- Турдубек мырза, алгач эле абалыңарды сурайын, кыйналган жоксуңарбы? Тамак-аш жетиштүүбү?

- Баары жакшы. Азыр Украина менен Венгриянын чек арасында турабыз.

- Украинада канча жылдан бери жашап, иштеп жүргөнсүз?

- Мен акыркы 20 жылдан бери Украинадамын. Ошол жерден окууну бүтүрүп, авиа тармагында иштеп келе жаткам. Үй-бүлөлүүмүн, эки балам бар. Ата-энем Кыргыз өлкөсүндө.

- Согуштун биринчи күнүн айтып бере аласызбы?

- Нес абалында болдук. 24-февраль күнү таңга маал саат 5те келинчегим ойготуп, бомбанын жарылып жаткан үнүн уктум деди. Анткени биз аэропорт жакка жакын жашачубуз. Анан эле кетүүгө шаштык. Биринчи күнү шаарда тыгын болгондуктан чыга алган жокпуз, экинчи күнү коменданттык сааттан кийин шаардан чыгып кеттик. Биринчи кеткен Кыргыз жарандарын эвакуациялаганга жардам бердим. Азыр өзүм дагы экинчи топ менен кетип баратам. Ал эми биринчи кеткен мекендештерибиз Венгриянын Будапешт шаарында учакты күтүп жатышат. Анткени учактарга билет жок болууда.

- Азыркы учурда Украинада абал кандай?

- Биз шаардан чыгып кеткенбиз, бирок Киевдегилерден сурасам, жолдун баарына блок-пост коюлуп, жардырылган үйлөр, техникалар деп айтышты.

- Кыргыз өлкөсүнө кетүү үчүн айрым мекендештерибиз кыйналып жатканын айтып калдыңыз.

- Азыркы учурда 100 адам автобус менен бара жатабыз. Биринчи каттам менен кеткендердин арасында көп балалуу мекендештерибиз билет сатып алууда бир аз кыйналып жатышат. Ошол үчүн жардам сурап кайрылып жатабыз.

- Мекенге келгенден кийинки абал дагы ойлондурбай койбосо керек?

- Өлкөбүздө дагы экономикалык жактан кыйын болорун билип жатабыз. Каякка барабыз, эмне иш кылабыз деп эле ойлонуудабыз. Кайра Украинага келе албайбыз, себеби бул жакта абал кооптуу. Ал эми биздин коопсуздук биринчи орунда. Биз мындай абалга туш болорубузду ойлогон да эмеспиз. 24-февраль жашообузду экиге бөлүп койду. Ал жакта үйүм, унаам калды.

Венгриядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүү үчүн жардам сураган мекендештерибиздин реквизиттери:

Элсом: 0557-90-11-65

Оптима: 4169 5853 4206 1131

Мбанк: 0554-22-75-20


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан