Мектептерде милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси алынды

Мектептерде милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси алып салынды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасындагы мектептерде бет кап тагынуу мындан ары милдеттүү болуп саналбайт. Мындай чечимди бүгүн, 3-мартта COVID-19 боюнча республикалык штаб кабыл алган. Белгиленгендей, чечим коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Ошону менен бирге колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан