Жаза аткаруу мекемесинин жигиттери көк бөрү боюнча өздөрүнүн турнирин өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта Чүй районунун Молдовановка айылындагы №27 мекемесинин жанындагы талаада уникалдуу көк бөрү мелдеши болуп өттү.
Спорттук-патриоттук оюн президенттин 2021-жылдын 24-июлундагы 2021-2026-жылдарга инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекиткен жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо колониясынын командасы; экинчи орун №27 мекеменин кызматкерлерине; 3-орунга Омега атайын багыттагы отряды ээ болду.