2021-жылдын 13-июнунда 4 кыздын ата-энеси Ысык-Көлдөн келе жатып, түнкү саат 01:00 чамасында Кемин районунун Орловка айылында жол кырсыгына кабылган. Анда каршы тилкеде катуу ылдамдыкта келе жаткан унаадан качам деп жол четиндеги бакты сүзгөн. Ал эми каршы тилкедеги унаа окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Каргашалуу кырсыктын натыйжасында Рустам Токтогазиев эки бутунан ажыраган. Ал эми жубайы Адель Байдалиева денесинин 6 жеринен сынык алган. Учурда экөө тең биринчи топтогу майыптар. Үйдүн кожоюну 4800 сом пенсия алса, Адель айым пенсиясын колго ала элек. Кырсык тууралуу Рустам Токтогазиев буларга токтолду.
"Эмчектеги кызыбызды үйгө таштап, Ысык-Көлгө ашка бара жатканбыз. Жолдон бала ыйлап жатат деп чалышты. Бирок катуу ылдамдыкта деле айдап келе жаткан эмесмин. Түн ичинде Орловканын бурулушунан катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрдүм. Ал жакындаган маалда андан качам деп жол четиндеги бакты сүздүм. Жанымда отурган келинчегим алдынкы терезеден 20 метр ыргып кетиптир. Менин бутум жанчылып калган экен. Бизге биринчи жардам көрсөтүшкөндөн кийин Бишкекке алып кетишти. Өмүрүмдү сактап калуу үчүн эки бутумду тең кесишкен экен. Жубайым денесинин алты жеринен сынык алыптыр. Ооруканада 3 ай жаттым", - дейт Токтогазиев.
Адель Байдалиева учурда элдин жардамына муктаж экендигин айтат:
"Кырсыкка чейин жакшынакай эле оокат кылып жатканбыз. Эми ушинтип экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Жардам берген кайрымдуу адамдар да жок эмес. Аларга Алла ыраазы болсун. Жолдошумдун бир бутуна протез тагуу үчүн элден жардам суроого аргасыз болуп жатабыз. Экөөбүз тең биринчи топтогу майыппыз. Мен 2 ай ооруканага жатып чыктым. Мурун маникюр жасап иштечүмүн. Азырынча кыймылдай албай жатам. Алты жеримен сынык алганга байланыштуу араң кыймылдайм. Кудай буюрса, 3-4 айдын ичинде жакшы болуп кетем деп үмүттөнүп жатам", - деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Сбербанк: 5228 6005 2246 2896 Э
ЭЛСОМ: 0707 940 194