Бишкекте батирдин босогосуна белгисиз адамдар ымыркайды таштап кетишти. Бул боюнча маалымат каражаттарына видео чыкты.
Анда ымыркайдын жанында "Мен бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында туулган" деп жазылган жазуу калтырылган. "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери ымыркайды текшерип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышты.