АКШда бир нече тармакта бизнес куруп, билим алып жаткан Эдил Касенов: "Миллиондогон долларым жок, бирок миллиондогон идеяларым бар"


SUPER.KG
порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө спортчу, юрист, экономист, дипломат, ишкер, Кыргыз өлкөсүнүн патриот жигити Эдил Касенов болмокчу. Чет жерлерди кыдырып, топтогон тажрыйбасын өлкөбүзгө арнагысы келген мекендешибиз ийгилик сырлары менен бөлүштү.


- Саламатсызбы? Америкада көп убакыттан бери жашап, иштеп жүргөнүңүздү социалдык тармактагы баракчаңыздан көрүп келебиз. Ал жакка кантип барып калдыңыз?

- Саламатчылык. Учурдан пайдаланып Кыргыз өлкөсүнө Америкадан салам жолдойм. Мен мекенимди сүйөм жана дайыма анын өнүгүшү үчүн талыкпастан эмгек кылам. Буюрса, керектүү тажрыйбаларды топтоп, кайсы бир убакта сөзсүз мекениме кайтам.
Бул жерге келүүмдүн бирден бир себеби тажрыйба топтоо болду. Америкада көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.
Мен буга чейин Кытайдын Гонконг, Гуанчжоу, Шэньчжэнь провинцияларында жети жыл эмгектенгем. Ал жактан да көптөгөн бизнестерди жасадым. Эч качан токтобостон аракет кылсак гана ийгилик биз тарапта болот дегенге ишенем.

- Азыркы учурда эмне менен алексиз?

- Учурда АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында жашап, иштеп келем. Бул жерде келинчегим, эки кызым жана уулум менен турам. Кудайга шүгүр, азыр үч-төрт тармакта бизнес куруп, аны менен чектелип калбастан IT-технология тармагында окуйм. 4 жогорку билимим бар. Спорт менен да үзгүлтүксүз машыгып келем. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, ар тармакта өзүмдү сынап көргүм келет.

- Спортко болгон кызыгууңуз качан ойгонгон?

- Спортко болгон сүйүүм бала чагымда ойгонгон. Мурда жөн гана хобби болсо, эми үзгүлтүксүз машыгып келем. Кыздарым да спорттун көркөм гимнастика түрү менен машыгышат. Дүйнө жүзүн кыдырып, жеңиштерин чын жүрөгүнөн Кыргыз өлкөсүнө арноодо.

- Өлкөбүз кыйын учурларда турганда дайыма кол сунуп, жардам берип келесиз. Пандемия учурунда жана Баткен окуяларында...

- Менин оюмча, ар бир жаран өз өлкөсүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошуусу зарыл. Өз өлкөсүнүн патриоту болушу керек. Мен да тапкан каражатымдын кайсы бир бөлүгүн мекендин өнүгүшү үчүн жумшап келем. Кээ бир адамдар ойлогондой миллиондогон доллар каражатым жок, бирок миллиондогон идеяларым бар. Элиме, жериме, спортчуларга колдоо көрсөтүп, жаңы өсүп келе жаткан жаштарга шыктануу берип келем. Бир катар спортчулардын билетин алып берип, Кыргыз өлкөсүнүн байрагы дагы да желбирөөсү үчүн салым кошуудамын.

- Сизди үлгү туткан азыркы жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Азыр ийгиликке жетүү үчүн талыкпастан эмгек кылуу жана убакытты туура колдонуу керек. Пейилди кенен коюп, аз уктап, бир күндө 24 саат болсо, 19 саатын спорт, илим-билим алуу менен өткөрсө гана туура болот деп эсептейм. Келечекке туура максат коё билүү, ал нерсеге жетүү үчүн бир кадам болсо да аракет кылуу өз жемишин берет. Жашоодо кандай кыйынчылык болсо да эч качан баштаган ишти таштап койбостон, алдыга гана умтулуу зарыл. Элим, жерим деген адам сөзсүз ийгиликке жетет. Өсүп келе жаткан жаштарга айтаарым, эч качан эринбегиле, уялбагыла. Бирөөнүн ийгилигин көрө билгиле, жаман деген нерседен алыс болгула. Өз өлкөңөрдүн патриоту болгула!

- Келечекке койгон максаттарыңыз кандай?

- Кудай буюрса, келечекте киндик каным тамган өз өлкөмө кайтып, дүйнө кыдырып окуган билимимди, топтогон тажрыйбамды мекенибиздин өнүгүшүнө пайдалансам дейм. Ал убакка чейин өзүбүздү дагы да өстүрө берели.
Алдыда аткарыла турган миңдеген максаттарым, миллиондогон элге жардам берем деген жакшы кыялдарым, идеологиям бар.


- Сиздей азаматты тарбиялаган инсандар тууралуу айтып кетпесеңиз болбос...

- Мен Нарында төрөлгөнүм менен, кичи мекеним Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылы. Атам Абдыталип Касенов, апам Күмүш Досалиева жөнөкөй элибизге кызмат кылган карапайым адамдар. Бизге берген тарбиясы менен ушул даражага жетип турабыз. Беш бир тууганмын, баарыбыздын ийгиликтүү болушубуздун, турмуштан өз ордубузду табуубуздун бирден бир себеби ушул деп билем.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан