Супер фактылар: Айымдар жашоосунун көп бөлүгүн "эмне кием?" деген суроо менен өткөрөрүн билчү белеңиз?

Бүгүн, 8-март - Айымдардын эл аралык күнү. Бул күнү дүйнөдөгү бардык айымдарга канчалык өзгөчө жана кайталангыс экенин дагы бир жолу эскертип коюу мүмкүнчүлүгү бар. Асылзат айымдар тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеп көрдүк.

• Айымдар жашоосунун дээрлик көп бөлүгүн “эмне кием?” деген суроо менен өткөрөт.
• Айымдар орточо эсеп менен жылына 30-64 жолу себеби жок ыйлашат.
• Айымдар күнүнө 20 миңге жакын сөз сүйлөйт, бул мырзаларга караганда 13 миңге көп.
• Айымдар буга чейин кылган ийгиликтерине караганда, келечектеги планын жакшы эстешет.
• Айымдар мырзалардай тез сүйүп калбайт.
• Айымдар эриндерин боёгонду абдан жактырышат жана өмүрүндө 2-3 килограмм помада жейт.
• Айымдарга күзгүгө каранган абдан жагат жана жыл бою күзгүнүн алдында 120 саат же беш күн өткөрүшөт.
• Дүйнөдө мырзаларга караганда айымдар көп.
• Изилдөөлөр көрсөткөндөй, айымдардын жүрөгү мырзалардыкына караганда тезирээк согот.
• Айымдар өзүнө карата айтылган жакшы комплименттерди укканды жакшы көрөт.
• Айымдар себеби жок белек, гүл алганды жактырышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан