Бүгүн, 8-март Айымдардын эл аралык майрамына карата Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери асылзат энелерди, эжелерди жана карындаштарды майрамы менен куттукташты.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айымдарга гүл белекке беришип, жакшы маанай тартуулап, каалоо-тилектерин айтышты.