Бүгүн, 8-март саат 12:00гө карата (Киев убактысы боюнча) Украинада 107 Кыргыз жараны калууда. Анын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрү, тагыраагы Украинанын жарандары жана мурда Кыргыз жарандыгынан чыккан адамдар бар. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
"Белгилей кетсек, элчилик жарандарды коопсуз жайга көчүрүү маселелерин чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатат. 7-мартта Киевден Львов шаарына башка качкындарды ташыган автобустан 10 орун алууга жетишти. Бул маршрут менен бир Кыргыз жараны эвакуацияланды. Калган 9 адам бул транспорт менен кеткиси келген эмес.
Жалпысынан айрым жарандар объективдүү себептерден улам Украинада калуусун билдирген учурлар бар. Мисалы Харьков шаарында 2 жаран үйүнөн чыгуудан баш тартса, калган төртөө чечим чыгара элек.
Учурда элчиликтин эсебинен Польшага биздин жарандарды пландуу эвакуациялоону уюштуруу үчүн Львовго жөнөп жатабыз. Буга чейин бул каттамда эвакуациялоо үчүн 32 жаран катталган. Көрсөтүлгөн автобус Львовдогу темир жол станциясынан 3 сааттан кийин жөнөйт.
Кабыл алуучу өлкөдө ыкчам кырдаалдын тез өзгөрүшүнө байланыштуу Украинадагы Кыргыз жарандары боюнча статистикалык маалыматтар тынымсыз өзгөрүп турат. Биз эвакуациялоонун эң жакшы варианттарын тандоо үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантабыз", - дейт элчи.