Жогорку Кеңеште "Кумтөр" тууралуу маселе жабык эшик артында каралып жатат

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" тууралуу маселе жабык эшик артында каралып жатат. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келди.

Буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов бул маселени жабык эшик артында кароону сунуштаган.

"Кыргыз тарап менен "Центерра" канадалык компаниянын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча токтом долбоорун күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Бул маселени саат 14:00дө жабык эшик артында карап берүүнү сунуштайм", - деди ал.

Депутаттар сунушту колдошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан