Өлкөдө эл жана турак-жай фондун каттоо 25-мартта башталат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, быйыл эл каттоо электрондук форматта өтөт.
"Албетте, өлкөбүздү санариптештирүүнүн алкагында, ошол эле мезгилде каттоочулардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн мындай аракеттер жасалып жатат. Электрондук эл каттоо респонденттерден маалымат топтоодо ыкчамдуулукту жана эффективдүүлүктү камсыздайт", - деп билдиришти мекемеден.
Эл каттоо тууралуу:
- Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт.
- Бул жолку эл каттоо Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.
- Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.
- Каттоо саамалыгына өлкөнүн бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат. Алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Алардын бардыгында Android-5 жана андан жогорку мобилдик аппарат болуш керек.
- Каттоочу болуп жашы 18ге толгон же андан жогору, Кыргыз жараны, физикалык активдүү, мамлекеттик жана расмий тилде сүйлөй ала турган, ошол эле учурда мобилдик тиркемени жакшы өздөштүргөн гана адам боло алат.
- Шаарларда каттоочулар негизинен студенттер болгондуктан, мобилдик тиркемени мыкты өздөштүргөн персоналды алуу максатта ЖОЖдор менен макулдашылды.
Эл каттоодо кандай суроолор берилет?
Каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт.
Беш суроолор тизмегинин төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кетишкен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Негизинен, суроолор тизмеги 40тан ашык суроолордон турат.
Алар:
- Үй-бүлөдө канча адам жашайт?
- Кандай шартта жашашат?
- Үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган?
- Жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы?
- Белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, тиричилик кылуудагы каражаттарынын булактары?
- Кайсы тил эне тили болуп саналгандыгы, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй ала тургандыгы, учурда иштеп жатышабы же жумуш издеп жатышабы жана башкалар.
Үй-бүлөдө бир адам бардык адамдар үчүн жооп бергенге мүмкүнчүлүк берилет.
Белгилей өтсөк, эл каттоо 3-апрелге чейин созулат.