Төрт мезгилдин өзүнө таандык көркөмдүгү жана өзгөчөлүгү бар. Мисалы, жазында бактар бүрдөп, гүлдөр ачылып, айлана жашыл чапанын жамынат. Бирок адамдар өз табитине жараша түрдүү мезгилдерди жакшы көрүшү мүмкүн. Биз жазды жакшы көргөндөр үчүн жаз тууралуу 5 фактыны айтып бермекчибиз.
Дүйнө жүзүнүн дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө жаз март, апрель айларында келет. Ал эми Австралияда, Аргентинада жана Мадагаскарда жаз сентябрь айында келет.
Улуу Британиянын окумуштууларынын тыянагына ылайык, жазында балдар жылдын башка мезгилине караганда бир топ ылдам өсөт. Мындай көрүнүштү алар күн нурунун көлөмү көбөйүп, балдардын организми Д витаминин активдүү сиңире баштаганы менен түшүндүрүшкөн.
Швейцариянын Женева шаарында жаз расмий жарлык чыккандан кийин келет. Шаардын борборунда каштан өсөт, анда биринчи жалбырак пайда болору менен жаз келди деп саналат. Бул салт 1818-жылдан бери уланып келет. Женевага жаздын эң эрте келиши 3-январда катталган. Бул 1991-жылы болгон.
Бирок Колумбия университетинин окумуштуулары жазында төрөлгөндөр жүрөк оорусунан көп жабыркайт деп эсептешет.
Жазында тамырлар 7-10 градус температурада өсө башташат.