Баткенде Нооруз майрамына карата 1 тонна сүмөлөк кайнатылат

Быйылкы Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара Баткенде өзгөчө шаан-шөкөт менен өтүп, 1 тонна сүмөлөк даярдалат. Учурда майрамды уюштуруу иштери боюнча кызуу даярдык көрүлүүдө дешти Баткен шаардык мэриясынан.
Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, Нооруз майрамында классикалык кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өткөрүлөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алат.
"Баткен шаарынын борбордук стадионунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери "Нооруз - 2022" майрамына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынан келген делегация менен жолугушту. Бишкек шаарынан келген режиссёр Эгемберди Чалабаев майрамга карата өткөрүлүүчү иш-чараларды даярдоо иштерин жергиликтүү маданият кызматкерлери менен биргеликте жүргүзөт", - дешти мэриянын маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, стадиондогу отургучтар жаңыланып, асфальт төшөлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан