Көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов бүгүн, 11-мартта имаратты бошотуп чыгып кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Бүгүн алар чыгып кетишет. Мен ал жерге өзүмдүн күзөтчүлөрүмдү койгом. Бүгүн бардык тетиктерин алып чыгып кетишет. Алар кеткенден кийин ал имаратка неврология, кардиология бөлүмдөрү ачылат", - деди Бейшеналиев.
Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министри бүгүн, 11-мартта Токтайым Үмөталиева ээлик кылган имаратка барарын айтты.
"Токтайым Үмөталиева 6-оорукананын жанындагы имаратты басып алып, компьютердик томография коюп алган. Бүгүн ал кетет. Ага буга чейин эскертилген, бирок болбой жатат. Ал жеке менчик кылып алган да. Аны кууп чыгам, анан соттошобуз", - деди Бейшеналиев.
Өз кезегинде министр учурда 80ге жакын адам менен алышып жатканын айтты.
"Силер, журналисттер, жардам берип турсаңар эле баарын талкалайбыз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.