Жалал-Абадда сел каналдары тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус аймагында кырсыктарды алдын алуу жана кесепетерин жоюу боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында кечээ, 10-март күнү Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагындагы Дүкүр сел каналынын 1 миң 100 метри тазаланып, 3465 куб грунт чыгарылган.
Учурда тазалоо жумуштары уланууда.