Алымкадыр Бейшеналиев: "Токтайым Үмөталиева акылдуу аял экен"

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева менен жолугушуп сүйлөштү. Бул тууралуу министр SUPER.KG порталына билдирди.

"Токтайым Үмөталиева менен жолугуштук, сүйлөштүк. Абдан жакшы аял экен. Ошол кезде оорукананы ачып алганын айтып, көп акча сарптагам деп айтты. Урушпай-талашпай бир чечимге келдик. Биринчиси, мен сарптаган акчаны берсеңер силерге өткөрүп берем деди. Экинчиси, чогуу иштетели деген сунуш болду. Мен 6-оорукананын башкы дарыгерине ал эжекебиз дагы, биз дагы нааразы болбогондой чечкиле дедим. Ал башкаларга караганда акылдуу экен", - деди Бейшеналиев.

Буга чейин SUPER.KG порталына Алымкадыр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлик кылган Бишкектеги 6-оорукананын жанындагы компьютердик томография бошотуларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан