"Доллар бербейт, козу берет". Алымкадыр Бейшеналиев травматологдорду Ат-Башыга барып иштөөгө чакырды

Бүгүн, 14-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги мурдагы Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун травматологдору менен жолукту.

Жолугушууда министр алар эми жумушсуз каларын айтып, травматологдорду өлкөнүн алыскы аймактарына барып иштөөгө чакырды.

"Чаткалда, Ат-Башыда, Чоң-Алайда травматологдор жок экен. Ошол жакка барып иштеп келгиле. Ал жакта аттан жыгылып кетип буттары сынып жатышат. Алар деле дарыланууга муктаж. Бул жактагыдай доллар менен албайсыңар. Алар козу менен берет экен. Козу деле жакшы да, сатсаң долларга сатасың", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

SUPER.KG порталынын Телеграм каналына бул шилтеме аркылуу кире аласыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан