Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов былтыркы жылы рэкетчилик боюнча 19 факты катталганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Анын он сегизи мектеп ичинде, бирөө мектеп тышында болуп, жалпы он беши кыскарган. Калган үч окуя сотко өткөрүлгөн. Ал эми алдын алуу чаралары боюнча тиешелүү мыйзамдардын негизинде бир катар иштер жүргүзүлүп, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор мектептерде жигердүү иш алып барууда. Системалуу түрдө маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, – деди.