Москвада эмгектенген кыргыз жигити: "Азык-түлүктүн кымбатташы, рублдун түшүшү мигранттарды ойго салды" (маек)

Орусиянын Украинага болгон аскердик операциясынан улам батыш өлкөлөрү баш болгон ондогон мамлекеттер эгемендүү өлкөнү басып киргендиги үчүн айыптап, Орусияга санкция жарыялады. Мындан улам рублдун куну күн санап түшүп бара жатат. Муну менен катар Орусиянын рыногунан бир нече компаниялар өз ишин токтотту. Бул жагдай Орусиянын экономикасына, ал тургай ал жакта эмгектенген мигранттарга таасирин тийгизбей койбойт.

Орусиядагы мекендештерге акыркы кырдаал кандай таасирин берип жатканын билүү максатында Москва шаарында эмгектенген мекендешибиз Данияр Кыдыралиевди кепке тарттык.

- Саламатсызбы, Данияр? Ал жакта эмне жумуш менен алектенесиз? Акыркы кырдаал мекендештерге кандай таасир берип жатат?

- Саламатсыздарбы? Мен Орусиянын Москва шаарында тамак-аш жеткирүү тармагында эмгектенем. Бул жакка келгениме төрт жылдын жүзү болду. Башында курулуш тармагында эмгектенгем.

Азыр азык-түлүктүн кымбатташы, рублдун түшүшү эмгек мигранттарды ойго салууда. Мындан ары ишти улантуу керекпи же жогун анализдөөдөбүз. Азыр ар бирибиздин оюбузда мекенге кайтуу тууралуу ойлор болууда. Эгер мекенге кайтсак, бизди жумуш, жетиштүү айлык менен камсыз кыла алабы? Ушул суроо бизди ойлондуруп жатат.

- Орусияда мигранттардын көбү кайсы тармакта эмгектенет? Эмгек акыңыздар мээнетиңиздерди актайбы?

- Мигранттардын көпчүлүгү тамак-аш жеткирүү, ашпозчу, официант, тигүүчү, курулуш тармагында, такси кызматында эмгектенишет. Эмгек акыбыз иштеген ишибизге жараша чыгат. Мен бир нөөмөттө 3000-3500 рубль алам. Маянабызды жуманын аягында карточкабызга которуп турушат. Мен иштеген тармакта көбүнчө кыргыздар эмгектенет.

Ким канча эмгек кылса ошого жараша үзүрүн көрөт. Бирок мурда 10 миң рубль алсак, айылга салганда 11 миң сом болуп, бир керегибизге жарап жатты эле. Азыр бизге кадимкидей байкалып жатат. Ошол эле сумманы салсак, 7-8 миңге жетпеген акча болуп калууда. Азыр кандай кадам туура болорун билбей, башыбыз катып турган мезгил.

- Мигрант болуп иш издеп барган жарандар сөзсүз кыйынчылыктарга дуушар болушат эмеспи. Бул жагы сизде кандай болду?

- Ооба, ал сөзсүз боло турган нерсе. Бирок Москвада Кыргыз жарандарына өзгөчө жакшы мамиле кылышат. Мага ал нерсе кадимкидей сезилет. Тилекке каршы, кыргыз кыргызды алдап кеткен учур азыркы күнгө чейин кайталанып келет. Мен да башында курулуш тармагына жакшы тааныш байке менен оозеки келишим түзүп келип иштегем. Бир нече ай өткөн соң эмгек акыны алчу күн келгенде бир топ шылтоолорду айтып кечиктире берди. Акыры азыркы иштеп жаткан жумушумду таап, бул жакка жумушка кирип кеттим. Бир топ жыл өтсө да, ал байкеден эмгек акымды кайтарып ала албадым.

Тыйындын эки тарабы болот дегендей, намыскөй, мекенчил агаларыбыз да жок эмес. Кыргыздар кыйын күнгө туш келгенде колдоп кете алышат. Ошол нерсе мени абдан кубандырат жана жакшы иштерди жасоого шыктандырат.

- Мигрант болуп жүрүп сиздин да башыңыздан кызыктуу окуялар өтсө керек...

- Албетте, жаңы жумушка кирген ар бир адамдын башынан өтсө керек. Бир окуя такыр эсимден кетпейт. Мен да азыркы жумушума жаңы кирген маалым. Буйрутма кылынган тамакты алуу үчүн белгилүү бир ресторанга келдим. Астында күзөтчүсү туруптур. Күзөтчүгө келген себебимди айтсам, ал мага "ресторандын артында жеткирүү кызматы үчүн атайын жол бар, ошол жол менен түз кирип, баскыч турат ошону бассаң сага буйрутмаңды алып чыгып беришет" деди. Айткан жол менен барып, баскычты басып коюп, отургучта күтүп турдум. Бир маалда өрт өчүрүүчүлөр келип, эл ызы-чуу түшүп, ары-бери жүгүрө башташты. Мен туруп барып, баскан баскычты карасам, өрт чыккандыгын билдирүү баскычы экен. Эмне кыларымды билбей, өрт өчүрүүчүлөрдүн жетекчисине барып абалды түшүндүрдүм. Ал адам түшүнүү менен мамиле кылып, мындан ары бул нерсени кайталабоону, дайыма кылдаттык менен иштөөмдү суранды. Келтирилген кыйынчылыктар үчүн кечирим сурап, андан ары жумушумду уланттым.

- Кыргыз өлкөсүнө кайтуу оюңуз барбы?

- Албетте, бир убак сөзсүз киндик каныбыз тамган жерге кайтабыз. Азырынча, мен так жообумду айта албайм. Бардык мигранттар азыр менин абалымда болсо керек. Балким, бир жолу табылып калар деген үмүттөбүз. Эмнеси болсо да дүйнөдө тынчтык болуп, ар бирибиз ойлогон максаттарыбызга жетип, үй-бүлөбүзгө аман-эсен, олжолуу кайтып баралы.

Учурдан пайдаланып Кыргыз өлкөсүнө сагынычтуу салам жолдойм. Орусияда эмгектенген ар бир мекендештерибизге ден соолук каалап, сабыр тилейм. Буюрса, бардыгы жакшы болоруна ишенем. Башка өлкөдө жүрсөк да, бир муштумга биригип, ынтымактуу, бири-бирибизди таяп, колдоо көрсөтөлү!

Өлкөбүз өссүн, өнүксүн! Өсүп келе жаткан жаштар биз баскан жолду баспай, өз мекенинде, үй-бүлөсү менен бирге болсун!

- Маек үчүн чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан