Владимир Путиндин Украинадагы кырдаал башталганга чейинки жана андан кийинки жүзү: Өзгөрүү байкалдыбы? (фото)

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жүзү Украинадагы кырдаал башталгандан кийин өзгөргөнүн көпчүлүк интернет колдонуучулары жазышууда. Мындан улам Украинадагы кырдаал башталганга чейин жана ал уланып жаткан 19 күн ичинде президенттин жүзү кандай болгонун карап көрдүк.

24-февралда таңга маал Украинадагы кырдаал башталганда орус президентинин кайрылуусу жана 10-мартта Орусиянын өкмөтү менен экономикалык маселелер боюнча жолугушуусу тартылган сүрөттө Орусия президентинин жүзү өзгөргөнү байкалды.

Владимир Путин Украинадагы кырдаал башталардан он күн мурун тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда. 14-февраль, 2022-жыл.

Владимир Путин орус-герман сүйлөшүүлөрүнөн кийинки маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди. 15-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин 21-февралдагы тарыхый жыйыны. Донецк менен Луганскты көз карандысыз республика катары таануу маселеси чечилүүдө.
21-февраль күнү кечинде. Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жөнүндө жарлыктарга жана достук, кызматташтык, өз ара жардам көрсөтүү келишимдерине кол коюп жаткан маал.
Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат, 22-февраль, 2022-жыл. Эки күндөн кийин Украинадагы кагылышуу башталат.
2022-жылдын 24-февралы. Украинадагы операция башталган күн. Путин анын башталышын таң эрте жарыялады.
24-февраль күнү кечинде. Владимир Путин орусиялык ишкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө.
Владимир Путин 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоодо. 8-март, 2022-жыл.
Экономикалык маселелер боюнча өкмөт менен жолугушуу. 10-март, 2022-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан