Белгилүү хирург Эрнст Акрамов боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен жаңы эле биздин жердешибиз жана миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган таланттуу хирург Эрнст Хашимович Акрамов менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Мен ага ден соолук кааладым. Ошондой эле Акрамов боюнча кооптонууга эч кандай негиз жок жана болбошу керек экенин бардыгына билдиргим келет!", - деп жазды Байсалов.
14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.