18-март коронавирус Кыргыз өлкөсүнөн аныкталган күн
Алгач 2020-жылдын 18-мартында Өкмөт үйүндө Кыргыз өлкөсүнөн алгачкы ирет коронавирустук инфекциясы аныкталганы айтылган. Анда умра сапарынан келген Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 3 тургунунан коронавирус аныкталып, алар карантинге алынган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында 24-мартта экс-перзидент Сооронбай Жээнбеков "Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Уйкуну бузган толкундар
Илдеттин биринчи толкуну 2020-жылдын июль айында болуп, анда бир суткада 1654 (эң көп катталган) адамдан коронавирус аныкталган. Экинчи толкун ошол эле жылдын ноябрь айына туура келип, анда суткасына 600дөн ашык адамдан илдет аныкталган. Үчүнчү толкун 2021-жылдын апрель айында башталып, бир күндө 1965 адам ооруга чалдыкканы аныкталган. 2022-жылдын 12-январында Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын маалымдаган.
Өлкөгө келген бет каптар
2020-жылдын 25-мартында Кытай Эл Республикасынан дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет каптар, ошондой эле миң даана коргонуучу кийимдер келген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө 1 жарым миллион (1 миллион 537 миң 500 даана) медициналык бет кап берди. Бет каптардын жалпы суммасы болжол менен 460 миң долларды түзөрүн Бириккен улуттар уюмунан кабарлашкан. Улуу Британиянын элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 4 тонна медициналык жүк тапшырган.
Өлкөгө көрсөтүлгөн акчалай жардамдар
1. Дүйнөлүк банктын ERIK долбоору 9 миллион долларлык жардам көрсөткөн.
2. Кайрадан эле Дүйнөлүк банк 12 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат санитардык көзөмөл өткөрүү пункттарын сатып алууга, ооруканалардын потенциалын күчөтүүгө, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кечиктирилгис жардам көрсөтүүсү үчүн абалды оңдоого, кошумча керектүү коргоочу каражаттарды сатып алууга жумшалары пландалган. Бул долбоор азыркы убакта Дүйнөлүк банк менен макулдашылган.
3. "Азия өнүктүрүү банкы" 20 миллион доллар жардам көрсөткөн.
4. Ислам өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар каралган.
5. Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз өлкөсүнө кесиптик техникалык билим берүү системасын колдоо иретинде 8 миллион доллар жардам көрсөткөн.
6. Андан сырткары Корея, Орусия, Түркия, Германия жана башка өлкөлөрдө жашап жана иштеген мекендештер Кыргыз өлкөсүнө акчалай жардамдарды көрсөтүшкөн.
Бет кап жана чектөөлөр
Коронавирус илдети кыргыз өлкөсүнөн аныкталган күндөн тарта коомдук жайларда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу сыяктуу эрежеси татаал эрежелер кирген. Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук унааларда бет кап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылган. Кинотеатр, соода түйүндөрү, концерт, мечит, базар сыяктуу коомдук жайларга топтолууга, себепсиз көчөгө чыгууга тыюу салынган. Карантиндик шарттар жеңилдетилген соң жаңы алгоритимдер иштелип чыгып, мектептерде, коомдук жайларда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси киргизилген. Той-аштар токтотулуп, дүйнө жүзү боюнча аба каттамдар өз ишин токтотушкан. Өлкөдөгү кафелердин, ресторандардын, дүкөндөрдүн арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга айып пулдар салынган. 2022-жылдын 12-мартынан баштап медициналык мекемелерди жана коомдук транспортторду эске албаганда милдеттүү түрдө бет кап кийүү жокко чыгарылган.
Илдетке каршы эмдөөлөр
2021-жылдын март айында өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн. Өлкөгө биринчилерден болуп Кытайдан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген. Андан соң өлкөгө коронавируска каршы Moderna, Pfizer, AstraZeneca сыяктуу вакциналар келе баштаган. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 1 миллион 474 миң 204 адам вакцинанын 1-дозасы, 1 миллион 213 миң 913 адам бардык дозасы менен эмделди.
Орду толгус жоготуулар
Коронавирустан жана пневманиядан улам кыргыз эли чыгаан уул-кыздарынан айрылышты. Алардын катарында белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак Жалилов, Элмирбек Иманалиев, Чыныбай Турсунбеков, Бүбүкан Досалиева, Марат Жанталиев, Мукар Чолпонбаев сыяктуу кыраандарынан айрылышты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирустун очогондо эмгектенген 70тен ашык медкызматкер каза болгон.
Айтып бүткүс Адинай
Өлкөдө абал курчуп, бейтаптар оорканалардын короосунда жардам алганга жетишпей каза тапкандар болду. Медицина кызматкерлери бейтаптарды кабыл алганга жетишпей жатты. Мындан улам көбүнчө жаштардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу жарандарга жардам бере башташты. Укол сайгандарды билгендери бейтаптарга акысыз эмдөө жүргүзүп, дары-дармекке муктаж болгондорго жардам берүүгө, аны сатып алууга акча чогултууга жардам беришти. Айрымдары бейтаптарды стационарларга жеткирип жатышты. Дүйнөлүк басылмалар Кыргыз өлкөсүндөгү абалды ыктыярчылар сактап жатканын жаза башташты. Тилекке каршы, жаш ыктыярчыларды арасында оор жоготуу да болду. 2020-жылдын 13-июлунда Бишкекте пневмония жана коронавирустан ооругандар үчүн ачылган убактылуу стационарда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 21 жаштагы студенти Адинай Мурзабекова каза тапты. Ага көзү өткөндөн кийин "Эрдик" медалы тапшырылган.
18-мартка карата жылнаама.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.