Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган кафе, ресторандар жана дүкөндөргө айып пул салынды

Кафелердин, ресторандардын, дүкөндөрдүн арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандар көп. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбор калаада санитардык талаптарды жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлдү.

Санитардык-экологиялык инспекция тобу күндүз бардык супермаркеттерди, гипермаркеттерди жана соода борборлорунда болуп, түнкүсүн кафе, ресторандарга көзөмөлдү күчөттү. Бет кап тагынуу режимин сактабагандыктан кире бериште дезинфекциялоочу килемдердин жана антисептиктердин жоктугуна байланыштуу айрым мекемелерге 3 миң сомдон айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын коноктору, ишкерлер! Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап тагынып, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуз. Шаарда инфекциянын симптому жок алып жүрүүчүлөрү көп. Жоопкерчиликтүү болуңуз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан